9- сентябрь Комуз күнү
2025-жылдын 9-сентябрында №67 жалпы билим берүү мектебинде Комуз күнү белгиленди.
Иш-чаранын алкагында:
- класс жетекчилер тарабынан Комуз күнүнө арналган класстык сааттар өткөрүлдү;
- окуучулар даярдаган сүрөттөр жана плакаттар көргөзмөгө коюлду;
- комуз ийриминин окуучулары комуз чертип, ыр аткарышты;
- бий ийриминин окуучулары «Комузчу» ырына бий бийлешти;
- 8-класстын окуучулары акын Алыкул Осмоновдун «Комуз» аттуу ырын көркөм окуп беришти;
- 10–11-класстын окуучулары залкар комузчулар, ошондой эле комуздун жаралышы жана түрлөрү тууралуу видеороликтерди даярдашты.
Иш-чарада окуучулар улуттук музыкалык аспапка болгон кызыгуусун жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Комуз күнүнүн белгилениши улуттук маданиятты жана руханий баалуулуктарды даңазалоого чоң салым кошту.
Комментарии