9- сентябрда №67 мектеп-гиназиясында Комуз күнү белгиленди. Бул иш- чараны уюштурууда мектеп окуучулары активдүү катышышты.
Мектептин фойесинде атайын такталарга дубал газеталар, сүрөттөр илинди. Ал эми телевизорго окуучулар даярдаган комузчулар,
комуздун жаралышы тууралуу ар кандай презентациялар, видео түрмөктөр коюлду. Башталгыч класстын окуучуларынын колунан жаралган комуздун
үлгүсүндөгү ар кандай материалдардан жасалган макеттер, комуз жасалгалары жана сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулду. Андан тышкары мектептин
“ Улуу Мурас” комузчулар ансамбли белгилүү комузчулардын күүлөрүн аткаруу менен майрамдык маанай тартуулашты.
Комментарии