9-декабрда Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнү
БУУнун демилгеси менен жыл сайын 9-декабрда Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнү белгиленет.
2004-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 58-сессиясынын чечими менен 9-декабрь Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнү катары расмий бекитилген. Бул күндө дүйнөнүн 95 өлкөсүнүн лидерлери коррупцияга каршы күрөшүү боюнча макулдашууга кол коюшкан.
Коррупция – бул социалдык, саясий жана экономикалык татаал көрүнүш болуп саналат. Ал коомдун демократиялык жана моралдык-этикалык негиздерине олуттуу коркунуч келтирет. Ошондуктан коррупциянын алдын алуу жана аны жоюу – ар бир жарандын негизги милдеттеринин бири.
Коррупция өзгөчө укук бузуулардан турган социалдык көрүнүш катары мүнөздөлөт. Анын курамына пара алуу, талап кылуу жана берүү, ошондой эле жарандардын жана мамлекеттин материалдык баалуулуктарын уурдоо кирет. Мындан тышкары, коррупция мамлекеттин көзөмөлүндө эмес болгон саясий, экономикалык жана социалдык-укуктук мамилелердин системасын түзүп, финансылык жана материалдык ресурстардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө алып келет.
2024-жылдын 9-декабрында №67 мектеп-гимназиясында Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Эл аралык күндүн алкагында төмөнкү иш-чаралар уюштурулду:
- Иш-чаралар планы түзүлдү.
Коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө арналган иш-чаралардын планы иштелип чыгып, бекитилди. - Ишеним телефондору жана почталардын иши активдештирилди.
Коррупцияга байланыштуу маселелер боюнча кайрылуу үчүн ишеним телефон номерлерин жана электрондук почталарды жайылтуу максатында маалыматтык кампания өткөрүлдү. - Маалыматтык стенд жаңыланып турду.
«Коррупцияга – жок!» деген темадагы маалыматтык стенд жыл бою жаңыланып, тиешелүү материалдар кошулуп турду. - Иш-чаралардын расмий сайтта чагылдырылышы.
Мектептин расмий сайтына өткөрүлгөн иш-чаралар боюнча жаңылыктар жана отчеттор жарыяланды. - Класстык сааттар өткөрүлдү.
5–11-класстар үчүн төмөнкү темаларда класстык сааттар уюштурулду:- «Мен – жаранмын»;
- «Муктаждыктар жана каалоолор»;
- «Жарандык коом жана коррупцияга каршы күрөш»;
- «Коррупциянын себептери жана булактары»;
- «Окуучулар коррупцияга каршы»;
- «Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн шарттары»;
- «Мамлекеттин коррупцияны жоюудагы ролу».
- Сүрөттөр жана плакаттар боюнча сынак өткөрүлдү.
8–10-класстар арасында “9-декабрь – Коррупцияга каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнү” темасында сүрөттөр жана плакаттар боюнча сынак уюштурулду. - Коррупция боюнча кошумча иш-чаралар:
- Мамлекеттеги коррупция маселесин ЧИО сабактарынын окуу программасынын темаларынын алкагында изилдөө.
-
- ЧИО мугалими Иманалиева А.С. катышуусунда тегерек стол өткөрүлдү.
- 9–10–11-класстар арасында “Коррупция деген эмне?” жана “Коррупцияга каршы кантип күрөшүүгө болот?” темасында социалдык сурамжылоо жүргүзүлдү.
- Видео түрмөктөр жана презентациялар даярдалды.
- Коррупция темасындагы буклеттер чыгарылды («Коррупцияга каршы күрөш», «Коррупция мамилелерди бузат», «Жаштар коррупцияга каршы»).
- 10–11-класстарда коррупция боюнча диктанттар өткөрүлдү.
Жыйынтыгы:
Аткарылган иш-чаралар окуучулардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, активдүү жарандык позицияны калыптандырууга жана коррупцияга каршы күрөшүү зарылдыгын терең түшүнүүгө шарт түздү.
Комментарии