Темиркул Уметалиев атындагы орто мектеп
2025-жылдын 15-апрелинде мектепке Темиркул Үмөталиевдин ысымы ыйгарылгандыгына байланыштуу салтанаттуу иш чара болуп өттү.
Иш-чарага улуу акындын үй-бүлөсү, кызы Чынара Үмөталиева, Бишкек шаарынын Свердлов райондук Билим берүү башкармалыгынын начальниги Абдыжапарова Ж.К., ошондой эле КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Супатаева Альфия Ильясовна, белгилүү акын Нурманбетов Тынчтыкбек Асанкулович, Бишкек шаарынын райондук Билим берүү башкармалыктарынын тил боюнча адистери, кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышты.
Иш- чаранын катышуучулары акынды эскеришип, мектепте уюштурулган кабинет- музей, сүрөт көргөзмөсү менен таанышып, каалоо-тилектерин билдиришти.
Иш- чаранын экинчи бөлүгүн кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин шаардык семинары улантты. Катышуучулар №67 ЖББОМнын мугалимдеринин иш тажрыйбалары менен таанышышып, маанилүү маалыматтарды алышты.
Комментарии