Афган согушунун катышуучулары менен жолугушуу
24-февралда ОТК №67 мектеп-гимназиясынын окуучулары Афган согушунунунун катышуучулары, интернационалисттер — запастагы полковниктер Калмурзаев Д., Абдылдаев С. жана Джангазиев И. менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга 9-10-11- класстын окуучулары катышты . Афган согушунун ардагерлери окуучуларга башынан өткөргөн согуш мезгилинин оор учурлары,жаш солдаттардын баатырдык эрдиктери жөнүндө айтып беришти.Окуучулар кызыктуу суроолорду беришип,жоопторун угушту. Ардагерлер окуучуларга жакшы каалоо тилектерин айтышып , келечек алардын колунда жана жигиттер Ата -Мекендин тиреги,ар бир “Мен ”деген эр жигит мекен чегинде кызмат өтөө керектигин айтышты.
Жолугушуу майрамдык концерт менен коштолду.
Комментарии