29- апрель — Бишкек шаарынын күнү
Бүгүн, 29-апрелде биздин сүйүктүү борборубуз – Бишкек шаарына 143 жыл толот. Шаардын негизделишинин официалдуу датасы болуп 1878-жылдын 29 – апрели эсептелет. Бул күнү ушул аймакта жайгашкан Жети-Суу облусунун аскер губернатору Герасим Колпаковский Токмок уездинин борборун Пишпек шаарына которуу боюнча буйрук берген. Бүгүнкү күндө бул дата Шаардын күнү болуп эсептелет жана ага карата көптөгөн маданий, спорттук жана көңүл ачуучу иш-чаралар өткөрүлөт.
Бишкек шаарынын күнү Бишкек шаардык Кеңешинин 2006-жылдын 28-ноябрындагы №266 токтому менен бекитилген. (шилтеме: https://www.calend.ru/holidays/0/0/1939/)
№67 ОТК МГнын администрациясы, мугалимдери, окуучулары жана ата-энелери баардыгыңыздарды Бишкек шаарынын күнү менен куттуктайт!
Комментарии