26.05.2025
Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу №67 Т. Үмөталиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде Акыркы коңгуроо салтанаттуу линейкасы
2025-жылдын 26-май күнү Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу №67 Т. Үмөталиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде «Акыркы коңгуроо»салтанаттуу линейкасы болуп өттү. Бул күн мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жашоодогу маанилүү жана унутулгус учурлардын бири болуп калды.
- Салтанатка ардактуу конок катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна,
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин автору, КР Ички Иштер Министрлигинин генералдар кеңешинин төрагасы, милициянын генерал-майору Дубанаев Садырбек Мамбеталиевич,
- Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын башчысынын орун басары Арстанбекова Айнура Джанышовна
- Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө жана усулдук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Молдоисаева Гулира Жолочиевна
- Бишкек шаарынын Свердлов районунун Билим берүү Башкармалыгынын начальниги Абдужапарова Жыргал Кадырбековна катышып, бүтүрүүчүлөргө куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Мектеп директору Джумалиева Нургуль Оезбековна жана мугалимдер жамааты окуучуларга жүрөктөн чыккан каалоо-тилектерин айтып, мектеп менен кош айтышып жаткан бүтүрүүчүлөрдү мээримдүү узатышты. Окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа, ыр-бийлер жана эскерүү сөздөр салтанатка өзгөчө маанай тартуулады.
Иш-чара мектептин короосунда акыркы коңгуроонун жаңырыгы менен жыйынтыкталды. Андан кийин бүтүрүүчүлөр биринчи класстын окуучулары менен чогуу “Акыркы сабакка” катышышты. Бул күн бүтүрүүчүлөр үчүн келечекке карай ишенимдүү кадам таштоонун символу болду.
Комментарии