23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү
23-сентябрда саат 7.20 баштап мектептин комуз ансамбли окуучуларды жана ата-энелерди жагымдуу күүлөр менен тосуп алды.
Ошондой эле 23-сентябрда саат 13.00 окуучулар арасында «Сармерден» өткөрүлдү.
Окуучулар сонун оюн көрсөтө алышты. Оюн кызуу өттү. Кыргыз тили жөнүндө ырлар, макал-лакаптар айтылды. Ошондой эле, оюндун шарты боюнча жаңылмачтар, табышмактар айтылды. Эки тарап тең бийилерин көрсөтүштү. Оюндун соңунда мектептин комуз ансамбли “Аккан суу” чыгармасын аткарып, иш-чараны жыйынтыктады. Мектептин директору жана директордун орун басары мугалимдерди жана окуучуларды майрам менен куттуктап, иш-чара жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп кетишти.
Комментарии