Биринчи коңгуроо
Бишкек шаары, 1-сентябрь 2025-жыл
Бүгүн Бишкек шаарындагы Т.Үмөталиев атындагы №67 жалпы билим берүү мектебинде Билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Жаңы окуу жылында мектеп 3 322 окуучуга өз эшигин ачты. Алардын катарында мектеп босогосун аттаган 1–2-класстын 370 окуучусу жана 11-класстын 228 бүтүрүүчүсү бар.
2025–2026-окуу жылында Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасынын старттык этабы башталды. Анын алкагында 5,5–6 жаштагы 149 бала 12 жылдык мектептин 1-классына ,мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде “Наристе” программасын аяктаган 185 окуучу 2-класска кабыл алынды.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Байсалов Эдиль Жолдубаевич;Бишкек шаарынын вице-мэри Мозгачева Виктория Андреевна;Свердлов райондук Билим берүү башкармалыгынын начальниги Абдыжапарова Жыргал Кадырбековна катышышты, окуучуларга ийгиликтерди, бекем билимди, ата-энелерге үмүттөрүнүн акталышын каалашты.
STEAM багытындагы предметтердин жана англис тили мугалимдеринин ар бирине мамлекет тарабынан ноутбуктар тапшырылды.
Майрамдык салтанат 1-2-класстардын,11-класстардын Биринчи сабактары менен уланды.
Комментарии