6.11.24. Мектептин ар бир кафедрасынын отуруму болуп отту. Кийинки чейрекке карата иш-чараларды пландаштыруу, ачык сабактар, олимпиада, ж. б. маселелер каралды. Ошондой эле эң негизги маселе РISA-2025ке даярдык. Ар бир кабинетте PISA боюнча бурч жана папкалар жасалды
06.11.2024
11
Бүгүн, 4- ноябрда класс жетекчилер жана предметниктер үчүн семинар болуп өттү. Семинарлар тарбия иштери боюнча окуучулар арасында укук бузуулардын алдын алуу максатына багытталган. Саат 9:00 до 5-6- класстар үчүн “Коркунуч (буллинг) менен кантип күрөшүүгө жана озүнө ишенүүгө болот деген теманын алкагында болду. Бул боюнча класс жетекчилер Кубаталиева Н.М., Викулова С.Л. жана мектептин соцпедагогу Улакова А.К. […]
04.11.2024
13
2024- жылдын 31- октябрында 10- класстар арасында “Күз периси жана мырзасы”(Мисс и Мистер осень) аттуу конкурсу болуп өттү. Сынак мектептин жыйындар залында болду. Зал күз мезгилинин элесин чагылдырып жасалгаланды. Сынак 4 этаптан түзүлгөн. 1- этап өзүн -өзү тааныштыруу, 2- этап үй тапшырмасы ” Күзгү фантазия”, 3- этап Чыгармачылык номер(бий, ырдоо, көркөм окуу- тандоо боюнча), 4- […]
31.10.2024
14
2024-жылдын 28- октябрында №67 мектеп- гимназиясында Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү –эгемендүүлүктүн пайдубалы – аттуу илимий конференциясы болуп өттү.Илимий конференцияга Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси П.Д. Бакирова, Бишкек шаарынын мэриясынын департаментинин тарых предмети боюнча жетекетеген адиси Ч.А. Бактыгулова, Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди […]
28.10.2024
16
2024-жылдын 25-октябрында Бишкек шаарынын № 67 мектеп-гимназиясында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Касмамбетов Суйунбек Сапарбекович ачык сабак ѳттү. Сабак Мамлекеттүүлүгүбүздү түптөгөн аталар, улуттук нарк жана “Манас” эпосу деген темада ѳттү. Ушул эле сабакка республика боюнча 100 мектептин окуучулары онлайн катышты. Конокторду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Касымалиев Муратбек Усонакунович, №67 мектеп-гимназиясынын директору […]
25.10.2024
23
Күз келди. Өзү менен кошо молчулукту, токчулукту алып келди. Биздин мектепте кичинекей бөбөктөрдун арасында “Алтын күз” темасында сынак өтүп, көргөзмө уюштурулду
17.10.2024
42
2024-жылдын 16-октябрында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери №67мектеп- гимназиясынын 9-10-классттарынын окуучуларына «Биз Кыргызстандын саламаттыгы үчүн» темасында лекция окушту. – Лекцияны ИИМдин БМЖКККнын өкүлдөрү милициянын подполковниги Каныбек Усенов жана милициянын подполковниги Умида Исматова жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык психикалык ден-соолук борборунун (РПДБ) бөлүм башчысы Тинатин Сагынбаева республикадагы баңгизаттарды колдонуу […]
17.10.2024
26
№67 мектеп- гимназиясында да мугалимдер күнү 4- октябрда белгиленди. Мектеп директору Н.О. Джумалиева мектептин мугалимдер жамаатын жылуу куттуктап, арадагы кесипкөй мугалимдерге грамота жана ошондой эле ыраазычылык каттарды тапшырды.
05.10.2024
26
Жарандык коргонуу күнүн даярдоо жана өткөрүү жөнүндө 2024-жылдын 1-октябрында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук аймактык борборунун иш графигине ылайык, ОТК №67 мектеп- гимназиясынын базасында жарандык коргонуу күнү өткөрүлдү. Жарандык коргонуу күнүн майрамдоого Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, окуучулар, мугалимдер жамааты, жумушчулар жана мектептин кызматкерлери катышты. Биринчи сменага катышуучулардын саны 1583 адамды түзөт. А […]
01.10.2024
28
Бүгүн № 67 мектеп-гимназиясында 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чарада музыкалуу ырлар, кыргыз элинин улуттук бийилери, көркөм окуу, ошондой эле манасчылар “Манас”эпосунан үзүндү айтышты.
23.09.2024
54
Бүгүн 14- сентябрда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата жалпы республикалык ишембилик өттү. Бул ишембиликке №67 мектеп- гимназиясынын мугалимдери, окуучулары да активдүү катышып өздөрүнө тиешелүү болгон аймактарды, мектептин айланасын тазалашты.
14.09.2024
58
№67 мектеп-гимназиясында 9-сентябрь Комуз күнүн белгилешти. Мектептин фойеси кооздолуп, комуз күнүнө арналган плакаттар илинди. Сабак башталар алдында мектептин “Улуу Мурас” комузчулар ансамбли күүлөрдүн түрлөрүн чертишип жакшы маанай менен окуучуларды тосуп алышты. Ал эми ар бир класста комуз, комуздун түрлөрү, белгилүү комузчулар тууралуу класстык сааттар өтүлдү. Телевизордо окуучулар даярдаган комуз тууралуу маалыматтар, презентациялар көргөзүлдү.
09.09.2024
61