№67 МГ ОТК №67 мектеп-гимназиясынын окуу-тарбия комплекси

Ата- энелерге кайрылуу

Урматтуу ата-энелер!

Бугунку кундө биздин балдарыбыз коопсуз жана тынч чөйрөдө билим алышы үчүн зордук-зомбулуктун,укук бузуулардын,буллингдин,мектеп рэкетчилигинин жана суициддин алдын алуу маанилуу маселелердин бири болуп саналат.Балдардын ден соолугу,моралдык жана психологиялык абалы,аларды ар кандай коркунучтардан коргоо-ата-эне жана коомчулук катары биздин негизги милдеттерибиздин бири.

Бул маселелерди чечүү үчүн ар бир ата-эне  төмөнкү аракеттерди көрүүгө чакырылабыз.

1.Балдарыңыз менен ачык баарлашуу жүргүзүнүз.Алардын мектептеги жана үйдөгү абалы,достук чөйрөсү,мугалимдер жана классташтары менен болгон мамилеси жөнүндө байма-бай сүлөшүү аларга ишенимдүү колдоо көрсөтүүгө жардам берет.

2.Балдарыңыздын жүрүм-турумуна көңүл буруңуз.Кыймыл-аракетиндеги өзгөрүүлөр,тынчсыздануусу же таарынычы байкалса,ага өзгөчө көңүл буруп,зарыл болсомектеп жетекчилиги жана психологдор менен байланышыңыз.

3.Коопсуз жана жылуу үй-бүлөлүк чөйрө түзүңүз.Балдар үйүндө колдоону жана мээримди сезсе,алар мектепте жана коомдо өздөрүн ишенимдүү сезишет.

4.Мектеп менен тыгыз байланышта болуңүз.Мугалимдер жана мектеп администрациясы менен үзгүлтүксүз байланышта болуп,мектептеги абалды талкуулап туруңүз.

5.Балдарыңыздын интернет колдонушуна көзөмөл жүргүзүңүз.Социалдык тармактардагы коркунучтарды алдын алуу үчүн алардын онлайн ишмердүүлүгүнө көңүл буруп,коопсуздук эрежелерин үйрөтүңүз.

6.Балдарды тарбиялоодо үлгү болуңүз.Балдарыңыз менен сылык,боорукер жана түшүнүктүү мамиле түзүү менен аларга туура үлгү көрсөтөсүз.

Биздин максат-балдарыбыз үчүн коопсуз жана ыңгайлуу чөйрө түзүү.Бул ищте ата-энелердин орду өзгөчө мааниге ээ.Ошондуктан,сиздерди мектеп менен тыгыз кызматташууга,балдарыңыздын коопсуздугуна кайдыгер болбоого чакырабыз.

Эгер кандайдыр бир суроолор жаралса же жардам керек болсо,мектептин администрациясына,мугалимдерине же психологдорго кайрылууга тартынбаңыздар.

Балдарыбыздын келечеги-биздин колубузда!