№67 МГ ОТК №67 мектеп-гимназиясынын окуу-тарбия комплекси

Zoom-сабактарынын галереясы

Covid-19 (таажы вирусу) менен  байланыштуу ѳлкѳдѳгү ѳзгѳчѳ абал жана карантинден улам биз республикадагы башка мектептердей эле дистанттык окутууга ѳттүк.  КР ББ ж И министрлигинин буйругуна ылайык дистантыык окутууну уюштуруу жана ишке ашыруу үчүн биздин мектепте мугалимдер   баардык мүмкүн болгон заманбап технологияларды колдонуп жатышат: Zoom,  Google Hangouts программалары жана Google ClassRoom веб-сервиси, Whats Аpp мессенджери,  бул технологиялар бизге окуучулар менен кайтарым байланышты түзүүгѳ мүмкүнчүлүк беришет. Ошондой эле окуучуларга  жүгүртмѳ боюнча телеканалдардан  кѳрсѳтүлүп жаткан видео сабактарды сунуштайбыз: КТР «Баластан» (бала бакчанын тарбиялануучулары жана 1–4-класстын окуучулары үчүн), ЭлТР «Илим Билим» (5-11- класстын окуучулары үчүн)) – жана «Бешинчи канал», «Пирамида», «Санат» телеканалдарынын эфирлеринде.

Сиздерге Zoom-сабактарынын галереясын сунуштайбыз!