Семинар
Бүгүн, 4- ноябрда класс жетекчилер жана предметниктер үчүн семинар болуп өттү. Семинарлар тарбия иштери боюнча окуучулар арасында укук бузуулардын алдын алуу максатына багытталган.
Саат 9:00 до 5-6- класстар үчүн “Коркунуч (буллинг) менен кантип күрөшүүгө жана озүнө ишенүүгө болот деген теманын алкагында болду. Бул боюнча класс жетекчилер Кубаталиева Н.М., Викулова С.Л. жана мектептин соцпедагогу Улакова А.К. тема боюнча өздөрүнүн презентацияларын көргөзүп, докладдарын окушуп түшундүрмө беришти. Катышкан мугалимдер бул көйгөйлүү тема боюнча ар кандай суроолорду берүү менен талкуулашты.
Андан кийинки семинар 10:00 до 7-8- класстар үчүн “Өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулар: электрондук тамекинин зыяндуулугу, мушташка катышуунун кесепеттери” деген темада болду. Даярдагандар: Улакова А.К., Колесникова Л.А., жана Исакова С.Т. Ар бир мугалим тема боюнча өздөрүнүн кызыккан суроолорун берип жооп алып отурушту.
Ал эми 11:00 до 9-10,11- класстар үчүн мектептеги эң негизги көйгөйлөрдүн бири “Сабакка кечигүү, мектеп формасы жана тартип” тууралуу болду. Семинарда саналып өткөн көйгөйлөрдү болтурбоонун жолдору туурасында класс жетекчилер өздөрүнүн колдонгон методдору менен бөлүшүп кетишти. Мугалимдер үчүн абдан пайдалуу жана кызыктуу семинар болду. Даярдаган класс жетекчилер: Топчубек кызы Нургуль, Казакова А.Д., Илипаева М.Ж.
Комментарии