Нооруз
17-мартта “Билимге багыт” кафедрасы Нооруз майрамына карата башталгыч класстын окуучулары менен биргеликте чоң салтанаттуу майрам тартуулашты. Концерт ыр, бий , улуттук оюндар менен коштолду. Ошондой эле улуттук тамак-аш көргөзмөлөрү болду, анын ичинде эң негизги тамагы болгон сүмөлөк. Окуучулар жана мугалимдер Нооруз майрамынына каалоо -тилектерин айтышты.
Нооруз майрамын көптөгөн жылдар бою майрамдап келебиз. Жаздын келишин, күн менен түндүн теңелүүсүнө дал келген ушул күн элибизге тычтык, бакубат жашоо жана өнүгүү алып келсин. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!
Комментарии