Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнү
№67 ОТК МГда күн гимнди аткаруу жана мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталды. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу туулган күнүн белгилөөдө. Кымбатуу кыргызстандыктар, майрамыңыздар менен! 1992-жылы 3-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун бекиткен. Көз карандысыз Кыргызстандын биринчи туусу 1992-жылдын 5-мартында Бишкек шаарындагы Өкмөт үйүнүн имаратынын үстүндө көтөрүлгөн. Туунун авторлору: Эдиль Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков.
Өлкө Президентинин 2009-жылдын 10-июнундагы №270 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу жөнүндө” жарлыгы менен, Кыргызстандын жарандарын патриоттуулук жана мамлекетке урматтоо рухунда тарбиялоо максатында бул майрам белгиленип калган.
Комментарии