Калпак- биздин сыймыгыбыз, наркыбыз, мурасыбыз!
№67 мектеп -гимназиясында 5- март — Калпак күнү өзгөчө майрамдык маанайда өткөрүлдү. Бул күн кыргыз элинин улуттук символдорунун бири болгон ак калпакты даңазалоо, анын маанисин түшүндүрүү жана маданиятыбызды сактоо максатында уюштурулду. Майрамдык иш-чаранын алкагында төмөнкү иш-чаралар өткөрүлдү: тарбиялык сааттар, көргөзмөлөр, улуттук баш кийимдердин тарыхы боюнча презентациялар жана баяндамачылар, калпактардын көргөзмөсү, кыргыз маданиятына байланыштуу викториналар жана оюндар, концерттик программа, сүрөттөр конкурсу. Кыргыз тили жана адабияты мугалими Абдаким кызы Жибек Калпак күнүнө арналган ачык класстык саат өттү.
Комментарии