Илимий конференция
2024-жылдын 28- октябрында №67 мектеп- гимназиясында Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү –эгемендүүлүктүн пайдубалы – аттуу илимий конференциясы болуп өттү.Илимий конференцияга Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси П.Д. Бакирова, Бишкек шаарынын мэриясынын департаментинин тарых предмети боюнча жетекетеген адиси Ч.А. Бактыгулова, Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн башчысы Э.К. Ниязбекова, Свердлов райондук Билим берүү башкармалыгынын начальниги Ж.К. Абдыжапарова, Свердлов районунун мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Э.Т. Абдыкасымова, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин Лингвистикалык экспертиза секторунун башчысы З.А. Кулбаракова, ж.б. катышты. №67, 33, 94, 87 мектептеринин тарых жана кыргыз тили мугалимдери баяндама окушту.
Комментарии