GREEN DAY
БААУ (АУЦА) социология, социалдык ишкердик факультетинин студенттери мугалими Жаркын Шадыманованын жетекчилиги менен биргеликте GREEN DAY проектисин уюштурушту. Бул проект Бишкек шааарынын айлана-чөйрөсүн жана жергиликтүү флораны, айрыкча Кара жыгач токоюнун биотүрлөрүн жакшыртууга арналган.
Студенттерге кошулуп 67-мектеп-гимназиясынын «Жаш патриот» уюму Е.Н Герасимованын жетекчилигинде окуучулар жана волонтерлор активдүү катышты. Төрт сааттын ичинде экотуризмдин Француз – Кыргыз ассоциациясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Филипп Буазонун жана Кара жыгач токоюнун жумушчуларынын жардамы менен студенттер жана окуучулар 10 алма багын, 10 мажрүм тал, 50 карагай жана 1000 жоогазын отургузушту.
Комментарии