Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнѳ арналган адабият жумалыгы
13-декабрдан- 17-декабрга чейин биздин гимназияда улуу ойчул жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнѳ арналган адабият жумалыгы ѳттү.
Мектепте Ч.Айтматов атындагы китепкана менен биргеликте кѳргѳзмѳ уюштурулду, балдардын кол эмгектери коюлду.
Жазуучуну эскерүү кечесине « Ч.Айтматов атындагы Ысык-Кѳл форуму» коомдук бирикмесинин президентинин орун басары Динара Жумабаева катышты. Мектеп жамаатына, окуучуларга ыраазычылыгын айтып, мындан ары да биргеликте долбоорлорду ,иш-чараларды ѳткѳрүү ниетин билдирди.
14-декабрда «Кинотавр» болду. 10-11-класстардын окуучулары жазуучунун чыгармалары боюнча тартылган тасмалар сынагына активдүү катышышты. Жыйынтыгында 11-д жана 10-Д классардын окуучулары даярдаган буктрейлерлер мыкты деп табылды.
Жумалык кѳркѳм окуу, ачык сабактар менен аяктады.
Комментарии