Англис тили жумалыгы
2020-жылдын 5-февралынан 10-февралына чейин №67 ОТК МГда англис тилинин жумалыгы болуп өттү. Англис тили жумалыгында өткөн иш-чаралардын негизги максаты окуучулардын англис тилине болгон таанып билүүчүлүк кызыгуусун өнүктүрүү, окуу процессинин алкагында гана эмес класстан тышкаркы иштердин учурунда дагы тилдик компетенцияларды, кругозорду жана чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн алардын ишмердүүлүгүн коммуникативдик агымга багыттоо. Англис тили жумалыгынын ачылышынын урматына мектептин жыйындар залында Бишкек шаардык мэриясынын ББ жана Свердлов районунун РБББнан коноктор катышкан иш-чара болду. «Лингва – англис тили мектеби» КФнын директору Гульнара Назарбекова №67 ОТК МГнын англис тили мугалимдерине белектерди тапшырды. Англис тили мугалимдери туура мотивацияны түзө алуу менен бирге балдардагы чет тилин үйрөнүүгө болгон кызыгууну колдой алышты.
Комментарии