3-март – Кыргыз Мамлекеттик Туусунун күнү.
Кыргыз Мамлекеттик Туусунун күнү — Кыргыз Республикасында белгиленүүчү маанилүү күндөрдүн бири. 1992-жылы 3-мартта Кыргызстандын Жогорку Кеңеши Кыргыз Мамлекеттик Туунун сүрөтүн жана аны көтөрүү эрежелерин расмий түрдө бекиткен. Ошол күндөн тартып, 3-март Кыргыз Мамлекеттик Туусунун күнү катары белгиленип келет. Кыргыз Республикасынын туусу — өлкөнүн эркиндиги, биримдиги жана эгемендиги символу. Ал бийиктикке көтөрүлүп, ар бир шаарда, айылда жана мамлекеттик мекемелерде маанилүү мааракелерде, майрамдарда салтанаттуу түрдө көтөрүлөт. Туу өлкөнүн аймагында жана эл аралык деңгээлде Кыргызстанды аныктоо жана аны урматтоо үчүн колдонулат.
3- март күнү мектептин жыйындар залында Туу күнүнө карата тарых мугалими Адеев Жылдызбек Айдарбекович доклад окуду. Иш-чара 9-, 8- жана 7-класстардын катышуусунда өткөрүлдү(115 окуучу). Кыргыз Мамлекеттик гимни ырдалгандан кийин, окуучулар Кыргыз Мамлекеттик Тууну көтөрүп чыгышып, ага түздөнүштү.
Ар бир класста Туу күнү боюнча класстык сааттар өткөрүлүп, класстар арасында сүрөт сынактары уюштурулду. Мектептин телевизорунда Туу тууралуу презентациялар көрсөтүлдү.
Комментарии